Search engine for discovering works of Art, research articles, and books related to Art and Culture
ShareThis
Javascript must be enabled to continue!

5-класстын кыргыз тили окуу китебиндеги тексттерде камтылган баалуулуктарды изилдөө

View through CrossRef
Бул изилдөө мамлекетбиздин жалпы билим берүү мектептеринин 5-классынын Кыргыз тили окуу китебиндеги тексттердин мазмунун Шварцтын баалуулуктар методикасынын негизинде талдоого арналган. Изилдөөнүн максаты – китепте орун алган баалуулуктардын категорияларын аныктоо, классификациялоо жана алардын жыштыгын чыгарып, окуучуларга тийгизген таасирин баалоо. Изилдөөдө документ анализи жана контент анализи ыкмалары колдонулуп, китептеги 72 текст изилдөөгө алынган. Натыйжада эң көп кездешкен баалуулуктар «камкордук», «универсализм», «жетишкендик», «өз алдынчалык» жана «каада-салт» компоненттери болгон. Ал эми «күч», «шыктануу» жана «гедонизм» баалуулук компоненттери эң аз кездешкен. Жалпы эсеп боюнча «өзүн багыштоо» (37%) жана «консерватизм» (25%) метакатегориялары басымдуулук кылган. Жыйынтыктар окуу китебинин мазмунунда улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу максаттары күчтүү экенин, бирок универсалдык жана инновациялык баалуулуктарга азыраак орун берилгенин көрсөткөн. Бул табылгалар кыргыз мектептериндеги тил окутуу процессинде балдардын дүйнө таанымын, улуттук иденттүүлүгүн жана руханий өнүгүүсүн калыптандырууда окуу китептеринин маанисин айгинелейт.
Title: 5-класстын кыргыз тили окуу китебиндеги тексттерде камтылган баалуулуктарды изилдөө
Description:
Бул изилдөө мамлекетбиздин жалпы билим берүү мектептеринин 5-классынын Кыргыз тили окуу китебиндеги тексттердин мазмунун Шварцтын баалуулуктар методикасынын негизинде талдоого арналган.
Изилдөөнүн максаты – китепте орун алган баалуулуктардын категорияларын аныктоо, классификациялоо жана алардын жыштыгын чыгарып, окуучуларга тийгизген таасирин баалоо.
Изилдөөдө документ анализи жана контент анализи ыкмалары колдонулуп, китептеги 72 текст изилдөөгө алынган.
Натыйжада эң көп кездешкен баалуулуктар «камкордук», «универсализм», «жетишкендик», «өз алдынчалык» жана «каада-салт» компоненттери болгон.
Ал эми «күч», «шыктануу» жана «гедонизм» баалуулук компоненттери эң аз кездешкен.
Жалпы эсеп боюнча «өзүн багыштоо» (37%) жана «консерватизм» (25%) метакатегориялары басымдуулук кылган.
Жыйынтыктар окуу китебинин мазмунунда улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу максаттары күчтүү экенин, бирок универсалдык жана инновациялык баалуулуктарга азыраак орун берилгенин көрсөткөн.
Бул табылгалар кыргыз мектептериндеги тил окутуу процессинде балдардын дүйнө таанымын, улуттук иденттүүлүгүн жана руханий өнүгүүсүн калыптандырууда окуу китептеринин маанисин айгинелейт.

Related Results

КЫРГЫЗ МАКАЛДАРЫНДАГЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БААЛУУЛУКТАР
КЫРГЫЗ МАКАЛДАРЫНДАГЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БААЛУУЛУКТАР
Бул макалада кыргыз макал-лакаптарында чагылдырылган үй-бүлө баалуулуктары улуттук тилдик дүйнө таанымдын маанилүү элементи катары каралат. Лингвомаданий жана аксиологиялык ыкмалар...
АБДЫЛДАЖАН АКМАТАЛИЕВ ЖАНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ
АБДЫЛДАЖАН АКМАТАЛИЕВ ЖАНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ
Аталган макалада Абдылдажан Акматалиевдин кыргыз адабият таануусундагы жана адабий сынындагы орду, ролу тууралуу кеп болду. Адегенде ал кыргыз адабиятынын этаптык өнүгүүсүнө, адаби...
СТАНОВЛЕНИЕ ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО МУЗЫКАЛЬНОГО ТВОРЧЕСТВА В КЫРГЫЗСТАНЕ (1920-1930 года)
СТАНОВЛЕНИЕ ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО МУЗЫКАЛЬНОГО ТВОРЧЕСТВА В КЫРГЫЗСТАНЕ (1920-1930 года)
Данная статья посвящена историко-музыковедческому анализу генезиса профессионализации музыкального творчества Кыргызстана. В её преамбуле акцент делается на традиционности кыргызск...
МИФОЛОГИЯ-АДАМ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЧКЫЧЫ
МИФОЛОГИЯ-АДАМ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЧКЫЧЫ
Бул макалада грек мифологиясынын негизинде жаралган Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” тууралуу сѳз болмокчу. Айтматов башка Кассандрага байланышкан чыгармалардан айырмаланып, келеч...
Clinical and Epidemiological Aspects of Meningiomas among Intracranial Brain Tumors
Clinical and Epidemiological Aspects of Meningiomas among Intracranial Brain Tumors
The global literature presents heterogeneous data on the prevalence of meningiomas among intracranial neoplasms. A number of studies indicate that the most common intracranial tumo...
Вспышка кори в Кыргызстане.
Вспышка кори в Кыргызстане.
Introduction. In the Kyrgyz Republic there has been a sharp increase in the incidence of measles over the past two years. The main reason for the increase in morbidity is the refus...
АЛИШЕР НАВОИЙ ДАВРИДАГИ ШАРҚИЙ ВА ҒАРБИЙ ТУРКИЙ ТИЛЛАР
АЛИШЕР НАВОИЙ ДАВРИДАГИ ШАРҚИЙ ВА ҒАРБИЙ ТУРКИЙ ТИЛЛАР
Мақолада Алишер Навоий яшаган давр адабий муҳитида қўлланган туркий тилларнинг таснифи ҳақида сўз боради. Бугун ўзбек халқининг бой маданий меросини ўрганишга катта эътибор қаратил...

Back to Top